"Ак-Ниет" балдар борборунун дайынсыз болуп жаткан 6 тарбиялануучусунун үчөөсү табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.
Маалымдалгандай, өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алар борбордун тарбиячыларына өткөрүлүп берилген. Бирок маалыматта кимдер табылганы айтылган жок.
Буга чейин милиция аталган борбордун 6 тарбиялануучусу дайынсыз болуп жатканын кабарлап, алардын аты-жөндөрүн, жаш курактарын жана сүрөттөрүн жарыялаган.