Биз социалдык тармакта

Бишкекте "Ак-Ниет" балдар борборунун 6 өспүрүмү дайынсыз болууда

Бишкек шаардык милициясы "Ак-Ниет" борборунун 6 тарбиялануучусу дайынсыз болуп жатканын кабарлап, изөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

  • 20-январда, саат 14:00 чамасында борбордун 15 жаштагы тарбиялануучусу Лилия Төлөмүшөва Жал кичи районунда жайгашкан №72 орто мектептен чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Өзгөчө бегилери: Бою 165-170 сантиметр, чачы кара, узун. Кийген кийими: Кара түстөгү күрмө, кара шым, кара спорттук бут кийим, кара түстөгү сумка.
  • 12-февралда, болжол менен саат 19:30 чамасында 15 жаштагы Билал Мусурманкулов аталган борбордон качып кеткен. Белгилери: Бою 170-175 сантиметр, дене түзүлүшү орточо, чачы кара түстө.
  • 13-февраль күнү саат 18:00 чамасында борбордон 14 жаштагы Нурболот Замирбеков качып кеткен. Ал буга чейин да бир нече жолу качып дайынсыз болуп жүргөн.
  • 17-февралда саат 11:00 чамасында 14 жаштагы Кристина Суханова качып кетип дайынсыз болууда.
  • 18-февралда 14 жаштагы Ислам Токтогулов качып кеткен.
  • 19-февралда, саат 14:00 чамасында борбордун 16 жаштагы Айданек Дүйшеева аттуу тарбиялануучусу №72 орто мектептен чыгып кетип дайынсыз болууда.

Милиция аты аталган өспүрүмдөрдү көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары: 996 224 214 346, 996 706 575 793, 996 702 519 806, 996 550 102 238.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан