Биз социалдык тармакта

Былтыр кармалган Талас Бегалиев камактан бошотулду

Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев абактан бошотулду. Маалыматты бүгүн, 25-февралда Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы ырастады.

Маалымдалгандай, чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту 20-февралда чыгарган. Бегалиев Кылмыш-жаза кодексинин 2021-жылдагы редакциясынын "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу", "Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо" жана "Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу" беренелери боюнча күнөөсүз деп табылып, акталган.

Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылдагы редакциясынын "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыш ишинин мөөнөтү эскиргенине байланыштуу ага жаза чегерлиген эмес.

Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин "Өзүм билемдик" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бир жыл сегиз айга абакка кесилген. Бирок, анын былтыркы жылдын 16-майынан бери кармалып турган тергөө абагындагы бир күнү абактагы эки күн деп эсептелгендиктен, Бегалиев жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн деген чечим чыккан. Натыйжада, анын бөгөт чарасы эч жакка чыкпоо милдеттенмесине алмаштырылган.

Эске салсак, УКМК Талас Бегалиевди былтыр май айында маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган жана опузалап акча талап кылган деген шек менен кармаган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан