Бүгүн, 25-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Эрлист Акунбековду министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.
Анын талапкерлигин эл өкүлдөрүнө президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды. Натыйжада, депутаттар анын талапкерлигин жактырышты.
Айта кетсек, буга чейин аталган кызматты Бакыт Төрөбаев аркалап келген. Ал 24-февралда кызматынан алынды.