Колумбиянын Антиокия департаментинде күчтүү ылай аралашкан жанар тоо атылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, видеолорду жарыялашты.
Социалдык тармактарга тараган видеолордон вулкан менен кошо чоң көлөмдө от чыгып, ал бир топ бийиктикке көтөрүлүп жатканын көрүүгө болот. Ал эми жергиликтүү бийлик жакынкы аймактардын тургундары эвакуацияланып жатканын маалымдаган.
Учурда жанар тоонун жарылуусунан жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Окуяга күбө болгондор социалдык түйүндөрдө жарылуу болгон жерден бир нече чакырым алыстыктагы жерде жаракалар пайда болгонун жазышкан.
Мындан тышкары, чет элдик басылмалар жанар тоо атылган аймакка жакын жерде турак жайлар жайгашканын билдиришкен.