Биз социалдык тармакта

Иран аба мейкиндигин жапты

Иранда АКШ менен Израил тарабынан жасалган чабуулдарга байланыштуу өлкөнүн аба мейкиндиги жабылды. Бул тууралуу Ирандын Жарандык авиация уюмунун расмий өкүлү Маджид Ахаван билдирди.

"Ирандын аба мейкиндиги кошумча билдирүүгө чейин жабылат", — деди Ахаван.

Буга чейин Ахаван Ирандын аба мейкиндиги алты саатка жабылганын маалымдаган.

Бүгүн Израил Иранга сокку урганын жарыялаган. Ага удаа АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы масштабдуу аскердик операция башталганын билдирди. Көп өтпөй Иран Израилге жана АКШнын Бахрейн, БАЭ, Катар жана Кувейттеги базаларына жооп иретинде чабуул жасады.






РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан