Ирак өкмөтү Ирандын жогорку лидери Али Хаменеинин өлүмүнөн кийин үч күндүк улуттук аза күтүү жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Айта кетсек, 28-февралда АКШ жана Израил Иранга каршы аскердик операция баштаган. Ирандын ири шаарлары, анын ичинде Тегеран соккуга алынган. 1-мартта Иран өлкөнүн жогорку лидери Али Хаменеи каза тапканын кабарлап, 40 күндүк аза күтүү жарыялады.