
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан өлкөдө аскердик аракеттер башталгандан кийинки алгачкы билдирүүсүн жасап, өлкөнү убактылуу башкаруучу кеңеш ишке киришкенин жарыялады. Бул тууралуу ал элге жасаган видеокайрылуусунда билдиргенин Tasnim агенттиги кабарлады.
Убактылуу кеңеш маркум лидердин багытын улантат
Мамлекет башчысынын айтымында, жаңы түзүлгөн орган маркум жогорку лидер Али Хаменеи жүргүзүп келген саясатты улантат.
“Кудайдын жардамы менен кеңеш имамдын жана урматтуу лидердин жолун улантат. Ирандын Куралдуу күчтөрү душмандын аскердик объекттерине сокку урууну улантат”,- деди Пезешкиан.
Президент АКШ менен Израил лидерди өлтүрүү аркылуу “максатына жетпей турганын” белгилеп, анын жолу сөзсүз улантыларын кошумчалады. Ошондой эле ал жарандарды көчөлөргө жана мечиттерге чыгып, “душмандардын пландарын үзгүлтүккө учуратууга” жана өлкө үчүн дуба кылууга чакырды.

Али Хаменеи 28-февралда каза болгону маалымдалды
Маалыматтарга ылайык, Али Хаменеи 28-февралда АКШ менен Израилдин биргелешкен аскердик операциясынын натыйжасында каза болгон. Билдирүүлөргө караганда, анын Тегерандагы резиденциясы өлкө жетекчилигинин жыйыны өтүп жаткан учурда бутага алынган.
ЖМКлардын жазышынча, окуянын кесепетинен анын үй-бүлө мүчөлөрү жана бир катар жогорку даражалуу аскер жетекчилери, анын ичинде Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жана Коргоо министрлигинин өкүлдөрү да набыт болушкан.
Али Хаменеи Иранды 1989-жылдан бери жетектеп келген. Өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыяланды.

Конституцияга ылайык түзүлгөн орган
Убактылуу жетекчилик кеңеш Иран Конституциясынын 111-беренесине ылайык түзүлгөн. Анын курамына:
Бул орган жаңы жогорку лидер шайланганга чейин өлкөнү башкармакчы. Жаңы лидерди 88 мүчөдөн турган Эксперттер кеңеши аныктайт.