Биз социалдык тармакта

Токаев чабуулга кабылган БАЭге колдоо көрсөтөрүн билдирди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Ирандын аскердик чабуулунан кийин БАЭ президенти шейх Мухаммед бен Заид Аль Нахаян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Aqorda маалымдайт.
Маалыматка ылайык, өлкө башчысы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчуп жатканын белгилеп, БАЭ элине жана президентке колдоо билдирди. Токаев аскердик чабуулдун натыйжасында жарандык инфраструктурага зыян келгенине өкүнүчүн айтты.
"Казакстан БАЭни достук жана бир тууган өлкө катары карайт жана зарыл учурда жардам көрсөтүүгө даяр",- деп билдирди Токаев.
Өз кезегинде БАЭ президенти колдоо үчүн ыраазычылыгын билдирип, эки өлкөнүн мамилелерин бекемдөө ниетин билдирди. Сүйлөшүүдө тараптар орозо айында тынчтык жана бакубатчылык каалашты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан