Биз социалдык тармакта

АКШ жарандарын Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн дароо чыгып кетүүгө чакырды

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио америкалыктарды коопсуздук коркунучунан улам Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн токтоосуз чыгып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу ал 3-мартта Х социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, учурда АКШнын жарандары үчүн жеткиликтүү коммерциялык каттамдарды колдонуу жана консулдук кызматтардан жардам алуу сунушталган.

АКШнын мамлекеттик катчысы тизмектеген өлкөлөргө: Бахрейн, Египет, Иран, Ирак, Израил, Газа сектору, Иордания, Кувейт, Ливан, Оман, Катар, Сауд Арабиясы, Сирия, Бириккен Араб Эмираттары жана Йемен кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан