Биз социалдык тармакта

Орусия менен Украина туткундарды алмашты

Орусия менен Украина кезектеги аскер туткундарын алмашып, бири-бирине 300 аскерди өткөрүп берди. Бул тууралуу орус басылмалары Коргоо министрлигине таянып билдиришүүдө.

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, Украинанын туткунунда болгон 300 орус аскери мекенине кайтарылган. Ал эми Орусия тарап Украина куралдуу күчтөрүнүн 300 аскерин өткөрүп берген.

Азыркы учурда бошотулган орус аскерлери Беларуска жайгаштырылып, зарыл болгон медициналык жана психологикалык жардам көрсөтүлүүдө.

Белгилей кетсек, 5-мартта да 200гө 200 формуласы боюнча туткундарды алмашуу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан