
Кечээ, 8-мартта Германиянын түштүк-батышында метеориттин бөлүктөрү үйлөрдүн чатырларына кулады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
Маалыматка ылайык, Хунсрюк, Айфель жана Кобленц шаарында айрым үйлөрдүн чатырлары жабыркаган.
"Бүгүн кечинде болжол менен саат 19:00дө күйүп турган метероиттин сыныктары турак үйдүн чатырларына түшкөн. Жабыркагандар жок. Бизде бар маалымат боюнча, коркунуч жоюлду",- деп маалымдаган полициядан.
Келтирилген зыяндын көлөмү азырынча так айтыла элек.