Биз социалдык тармакта

Япония чет элдик туристтер үчүн жеке текшерүүнү алып салууну пландоодо

Япония туристтик агымдын өсүшүнө байланыштуу чек арада чет элдик жарандар үчүн милдеттүү жеке текшерүүнү алып салууну карап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, мындай кадам чек арадан өтүүнү тездетип, аэропорттордогу жүктөмдү азайтат. Япониянын иммиграция кызматы жеке текшерүүлөр саякат алдында Японияга кирүүгө уруксат берүүчү электрондук систем – JESTA – аркылуу чогултулган маалыматтар менен алмаштырыларын билдирди. Бул систем 2028-жылы ишке кирет деп пландалууда.

JESTA'га ылайык, туристтер саякатка чыгардан мурун онлайн форма толтуруп, сапарынын максатын көрсөтүшү керек. Текшерүүдөн соң иммиграция органдары өлкөгө кирүүгө уруксат берүү же баш тартуу чечимин кабыл алат.

Жаңы система Японияга кыска мөөнөттүү визасыз кирүүгө уруксат берилген 74 өлкөнүн жарандарына тиешелүү болот.

Маалыматка караганда, 2025-жылы Японияга 42,7 миллион чет элдик турист келген, ал эми 2030-жылга чейин бул сан 60 миллионго жетет деп күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан