АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүсү абдан жакшы өткөнүн айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Мен президент Путин менен абдан жакшы сүйлөштүм",- деген АКШнын лидери.
Трамп ошондой эле сүйлөшүүдө украин маселеси талкууланганын кошумчалаган.
Белгилей кетсек, буга чейин Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков эки лидердин сүйлөшүүсү конструктивдүү жана ийгиликтүү болгонун жана эки тарап бир сааттай сүйлөшкөнүн билдирген.