Биз социалдык тармакта

Иран ок атышууну токтотуу шарттарын атады

Ирандын айланасындагы жаңжалды токтотуу мүмкүн, бирок Тегеранга каршы агрессия кайталанбашы үчүн кам көрүү зарыл. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гариб-Абади билдирди.

Анын айтымында, Иран ок атышууну токтотууга кызыкдар, бирок согуш алты айдан кийин кайра башталса, анда ок атышуунун токтотуунун мааниси жок болуп калат. Гариб-Абади андыктан Тегеранга каршы агрессия кайталанбашы керектигин баса белгилеген.

"БУУнун уставы өзүн-өзү коргоону токтотуунун шарттарын аныктайт. Алардын бири - мындай аракеттердин кайталанбашы. Өзүн коргогон өлкө катары бул агрессиянын кайталанбашын камсыз кылышыбыз керек",- деген ал Иран телеканалында ок атышууну токтотуу мүмкүнчүлүгүнө комментарий берип жатып.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан