Индия бийлиги Ормуз кысыгынан Индиянын желеги менен жүргөн 36 кемени коопсуз чыгаруу жолдорун изилдеп жатат. Бул тууралуу The Hindustan Times гезити кырдаал менен тааныш булактарга шилтеме берип билдирди.
"АКШ-Израил альянсы менен Ирандын ортосундагы чыңалуу дүйнөдөгү эң маанилүү мунай жолдорунун бири боюнча деңиз каттамдарын үзгүлтүккө учураткандыктан, өкмөт кризиске кептелген Ормуз кысыгынын аймагынан Индиянын желеги менен жүргөн кемелерди коштоп жүрүү жолдорун карап жатат",- деген булак.
Маалыматтарга карганда, кысыктагы жана ага жакын жайгашкан суулардагы Индиянын желеги менен жүргөн 36 кеменин баары коопсуз жана бортунда жетиштүү каражаттар бар. Кемелер күчөтүлгөн коопсуздук протоколдорун сактоодо.