Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Конгантиев 10-майга чейин камакка алынды. Маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 12-мартта Бишкектин Ленин райондук соту УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн карап, канааттандырган.
Айта кетсек, Конгантиев 10-мартта депутаттык мандатын тапшырган. Ошол эле күнү ал УКМК тарабынан коррупцияга шектелип кармалган.