Ак үйдүн басма сөз катчысы Каролин Левитт АКШ Ирандын 65тен ашык аскердик кемесин чөктүргөнүн билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Биз Ирандын аскер-деңиз күчтөрүнүн 65тен ашык кемесин чөктүрдүк. Өлкө боюнча 6 миңдей бутага сокку урдук", - деди Левитт Fox News телеканалына берген маегинде.
Эскерте кетсек, АКШ жана Израил 28-февралда Иран аймагындагы объекттерге, анын ичинде Тегеран шаарына сокку урууну баштаганы кабарланган. Натыйжада кыйроолор болуп, жарандык адамдардын каза болгону айтылууда.
Иран болсо жооп иретинде Израилдин аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объекттерине сокку уруп жатканы маалымдалды.