Биз социалдык тармакта

Ирандын Кытайдагы элчиси Тегеран сүйлөшүүлөргө качан кайтып келерин айтты

Тегеран АКШ менен Израил аскердик операцияларын токтоосуз токтотуп, агрессия кайталанбай турганына кепилдик берсе, сүйлөшүүлөргө кайтып келүүгө даяр. Бул тууралуу Ирандын Кытайдагы элчиси Абдолреза Рахмани-Фазли айтканын чет элдик басылмалар кабарлады.

Дипломаттын айтымында, Иран азыркы кырдаалды деэскалациялоо жана саясий жактан жөнгө салуу үчүн үч этаптуу мамилени жактайт.
"Биринчи кадам - согушту жана ок атышууну токтотуу. Алгач согушту баштаган тарап токтотушу керек. Ошондуктан АКШ менен Израилди бардык аскердик аракеттерди токтоосуз токтотууга мажбурлоо үчүн кадамдар жасалышы зарыл",- деген элчи.
Ал билдиргендей, экинчи кадам, сүйлөшүүгө кайтып келүү. Бирок Ирандын АКШга ишенбөөчүлүгү буга жетишүүнү кыйындатат, балким, мүмкүн эмес.
"Эгерде дүйнөдөгү алдыңкы державалар жана БУУнун Коопсуздук кеңеши сүйлөшүүлөргө кийлигишип, диалог маалында мындан ары агрессиялык аракеттер болбойт деген милдеттүү жана бузулгус кепилдиктерди берип, ошол эле учурда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарын коргоо үчүн узак мөөнөттүү жана ишенимдүү механизм түзүүдө оң рол ойнобосо",- деп түшүндүргөн элчи.

Үчүнчүдөн бардык өлкөлөр биригип, кызматташып, бир тараптуу аракеттерге каршы биргелешип турушу жана көп тараптуулукту өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшү керек.

"Жогоруда айтылган принциптер толук сакталса жана аткарылса, биз тиешелүү диалогду кайра жандандырууга даярбыз",- деген Рахмани-Фазли.
Эске салсак, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаганы кабарланды.
Акыркы кабарларга караганда, эки өлкөнүн Иранга жасаган аскердик операциясынан 1300дөй жаран курман болуп, миңдеген адамдар жаракат алышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан