
Орусиянын Москва шаарында Кыргызстандын тогуз жараны жабыркаган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, кыргызстандыктарды ташып бараткан Volkswagen үлгүсүндөгү кичи автобус Калуга шоссесинде кырсыкка кабылган. Аталган транспорт каражаты экскурсияга чыккан балдар бараткан автобус менен сүзүшкөн. Кырсыктын натыйжасында жети адам ооруканага жаткырылды.
Белгилей кетсек, жол кырсыгы 14-март күнү эртең менен болгон.