Пол Томас Андерсондун "Кармаш артынан кармаш" тасмасы "Эң мыкты тасма" номинациясында "Оскар" сыйлыгын жеңип алды.
Дүйшөмбүгө караган түнү Лос-Анжелесте Оскар сыйлыгын 98-жолку тапшыруу аземи өттү. Анда аталган тасма жалпы 4 номинацияга ээ болду. Алсак, Андерсон өзү "Эң мыкты режиссёр" номинациясын, Шон Пенн "Экинчи пландагы эң мыкты актёрду" жана тасма өзү "Эң мыкты адаптацияланган сценарий" сыйлыгын жеңип алды.
Айта кетсек, "Кармаш артынан кармаш" тасмасы январь айында "Алтын глобус" сыйлыгын, ал эми февралда Британия кино жана телекөрсөтүү искусство академиясынын сыйлыгын уткан.