Биз социалдык тармакта

Трамп НАТО АКШга жардам бербесе, анда альянсты оор келечек күтүп турганын айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп НАТО Вашингтонго Ормуз кысыгында коопсуздукту камсыз кылууга жардам берүүдөн баш тартса, анда альянсты оор келечек күтүп турганын айтты.

"Кысыктан пайда көргөндөр ал жерде эч кандай жаман нерсе болбошуна жардам бериши толук орундуу. Эгерде эч кандай жооп болбосо же терс жооп болсо, менимче, бул НАТОнун келечеги үчүн абдан жаман болот... Эми алар бизге жардам береби же жокпу, көрөбүз. Анткени мен көптөн бери биз силердин жаныңардабыз деп айтып келем",- деген Трамп Financial Times басылмасына берген маегинде.

Ишемби күнү Трамп Ормуз кысыгындагы коопсуздук ал аркылуу мунай алган өлкөлөрдүн милдети болушу керектигин айткан.

"АКШ Иранды аскердик, экономикалык жана башка бардык жагынан жеңип, толугу менен утту. Ал эми Ормуз кысыгы аркылуу мунай алып жаткан дүйнө өлкөлөрү бул маселени чечиши керек жана биз олуттуу жардам беребиз",- деп жазган Америка президенти TruthSocial социалдык тармагында.

Ошондой эле Трамп Кытай, Франция, Япония, Түштүк Корея, Улуу Британия жана кысыктын жабылышынан жабыркаган башка өлкөлөр коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ал жакка согуштук кемелерин жөнөтүшү керек деген пикирин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан