
АКШ лидери
Дональд Трамп Иранда кыздар мектебине жасалган кол салуу боюнча комментарий берди. Айтымында, окуя боюнча иликтөө башталган.
"Биз билбейбиз. Тергөө жүрүп жатат",- деген ал журналисттердин суроолоруна жооп бергенде.
Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган.
2-мартта Ирандын түштүгүндө жайгашкан башталгыч класстын окуучулары билим алган мектепке АКШ жана Израил тарабынан сокку урулган. Анда курмандыктардын саны 171 адамга жеткени, көпчүлүгү окуучулар экени
кабарланган. Көп өтпөй БУУ Минабедеги мектепке сокку уруу окуясын тез арада
иликтөөнү талап кылган.