Япония АКШнын президенти Дональд Трамптын кайрылуусуна карабастан Ормуз кысыгына аскер кемелерин жөнөтүүдөн баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты.
"Эң башкысы - кырдаалды жөнгө салууда күч-аракеттерди, анын ичинде дипломатиялык аракеттерди жумшоо",- деп билдирген Япониянын коргоо министри Синдзиро Коидзүми
АКШнын коргоо министри Пит Хегсет менен телефондук сүйлөшүүсүндө.
Ошондой эле өзгөчө учурларда гана, мисалы, япон кемелерине коркунуч жаралса же Япониянын тургундарынын жана мүлкүнүн коопсуздугу коркунучта болгондо, өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн кемелерин колдонууга мүмкүн экенин кошумчалаган. Ал эми Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити расмий кайрылуу ала электигин, бирок мыйзамдын алкагында реакция жасаларын белгиледи.
Белгилей кетсек, буга чейин Трамп Иран чектөөгө алган Ормуз кысыгына согуштук кемелерди жөнөтүү сунушун Кытай, Франция, Япония, Түштүк Корея, Улуу Британия жана башка өлкөлөргө
жөнөткөн.