Израилдин Коргоо күчтөрү Ирандын мурдагы жогорку лидери Али Хаменеинин учагын жок кылынганын билдирди. Бул тууралуу 16-мартта ЦАХАЛдын басма сөз кызматына таянып, эл аралык басылмалар жазышты.
"Аскер-аба күчтөрү Мехрабад аэропортунда Ирандын мурдагы жогорку лидеринин учагын жок кылды",- деп айтылган маалыматта.
Маалым болгондой, учакты маркум Али Хаменеи жана башка Ирандын жогорку даражалуу расмий адамдары колдонуп келген.
Эскерте кетсек, 1-мартта АКШнын жана Израилдин аба соккуларынын натыйжасында Хаменеи каза болгон. Мындан улам өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыяланган. Көп өтпөй Иранда Можтаба Хаменеи жогорку лидер болуп шайланган.