TikTok социалдык тармагында чуулгандуу финансист Жеффри Эпштейндин баракчасы пайда болду. Аталган баракчага бир сутка ичинде 1,2 миллион колдонуучу катталган.
Эпштейндин атынан ачылган аккаунтта бир нече видеолор жарыяланып, айрым видеолордон Эпштейндин жеке аралына окшогон жерлерди да көрүүгө болот. Бирок андагы видеолор чындыкка дал келер-келбеси такталган эмес. Учурда бул көрүнүш интернет колдонуучулар арасында кызуу талкуу жаратууда.
Ал эми аталган TikTok баракчасы эки гана колдонуучуга жазылган. Алардын бири АКШнын президенти Дональд Трамп, экинчиси Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху.