Биз социалдык тармакта

Кремль: “Украина жаңжалды жөнгө салууда тоскоолдук жаратып жатат”

Кремль Украиндагы жаңжалды жөнгө салуу процессинде негизги тоскоолдук Украина тарап болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу 16-мартта брифинг учурунда Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков айткандыгын Орусия басылмалары жазышты.

Анын айтымында, айрым ЖМКлар Дональд Трамп украин жаңжалын чечүүгө кызыгуусун жоготту деп жазып жатканына карабастан, билдирүүлөрдөн, тескерисинче, Украина сүйлөшүү процессин жайлаткан тарап экени көрүнүп турат.

Песков белгилегендей, Орусия сүйлөшүүлөрдү улантууга ачык. Ошондой эле ал Трамп бир нече жолу Киевдин лидери Владимир Зеленскийди Орусия менен келишимге барууга чакырганын эске салды.

Анын сөзүнө ылайык, АКШ президентинин украин жаңжалы тууралуу теманы активдүү көтөрүп жатканы анын бул маселеге дагы деле катышып жатканын көрсөтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан