АКШ менен Израилдин Иранга жасаган аскердик операциясынан Тегеранда каза болгондордун саны 503 адамга жетти. Алардын арасында 12си эки жаштан 12 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу аймактык Тез жардам башкармалыгынын башчысы Мохаммад Эсмаил Таваколли билдирген.
Анын сөзүнө таянсак, аскердик кагылышта 5,7 миңдей адам жаракат алган. Алардын көпчүлүгү жай тургундар.
"Орозо айындагы аскердик операцияда көпчүлүгү жай тургундар жапа чегишти. Шахид Буруджерд районунда 130дан көп адам жаракат алды", - деген Таваколли.
Таваколли ошондой эле медициналык инфраструктурада олуттуу жоготуулар болгонун билдирди. Айтымында, 22 тез жардам станциясы толугу менен иштен чыккан. 21 "Тез жардам" унаасы зыянга учараган. Тез жардамдын бир кызматкери каза болуп, 51и жаракат алган.
Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган.