Биз социалдык тармакта

Иран Ормуз кысыгын белгилүү бир шарттарда ачууга даяр экенин билдирди

Иран Ормуз кысыгын белгилүү бир шарттарда ачууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, Иран тарап Ормуз кысыгын ачуу үчүн төмөндөгү шарттарды койгон:

  • АКШнын аскердик базаларын чыгаруу;
  • Тоңдурулган активдерди кайтаруу;
  • Сооданы долларсыз жүргүзүүнү өнүктүрүү.

Тегеран буга чейин АКШ менен Израилдин Иранга каршы операциясына катышпаган өлкөлөрдүн айрым кемелеринин Ормуз кысыгы аркылуу өтүшүнө уруксат берерин билдирген болчу.

Мындан тышкары, Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багайи кысык жабылбаганын, бирок жүк ташууга белгилүү шарттарда гана уруксат берилгенин маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан