Америкалык аскердик учактар Иранга каршы операция башталгандан бери 6500дөн ашык согуштук учууну аткарышкан. Маалыматты АКШнын Жакынкы Чыгыштагы Борбордук командачылыгы таратты.
Анда акыркы 16 күндүн ичинде АКШ күчтөрү 7000ден ашык бутага, анын ичинде 100дөн ашык согуштук кемеге сокку ургандыгы белгиленет. Отчётто операцияларга көптөгөн согуштук учактар, стратегиялык бомбалоочу учактар, учак ташуучу кемелер, башкарылуучу ракеталык эсминецтер, суу астында жүрүүчү кемелер, Patriot абадан коргонуу системдери катышып жатканы айтылат.