Израил менен АКШнын Иранга карата аскердик операциясы башталгандан бери өлкөдө 55 миң имарат талкаланып, дүйнөлүк маанидеги архитектуралык эстеликтер зыянга учурады. Бул тууралуу Ирандын Дүйшөмбүдөгү элчиси Алиреза Хакиян брифингде билдирди.
"Израил менен АКШнын Иранга чабуулунун 17-күнүндө 55 миң объект талкаланды, анын ичинде дүйнөлүк маданий маанидеги имараттар дагы бар",- деген элчи.
Ал белгилегендей, буга карабастан Иран каршылык көрсөтүүгө жөндөмдүү жана жеңишке үмүттөнөт. "Алар Ирандын күчүн баалабай, андан кутула албай турган айлампага түшүп калышты. Биз баштабаган бул согушту жеңебиз деп үмүттөнөбүз",- деген элчи.
ЮНЕСКОнун маалыматына ылайык, Ирандагы аскердик аракеттердин натыйжасында Тегерандагы Голестан сарайы, Чехель-Сотун павильону жана Жаме мечити, ошондой эле Исфахандын борборундагы Накш-е Жахан аянтынын айланасында курулган жайлар жабыркады.
Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга кол салып, буга жооп катары Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урууда.
Жаңжалдын алгачкы жумасында аба соккусунан Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болгон. Азыркы учурда эки тарап бири-бирин аткылоону улантууда. Миңдеген адамдар каза таап, дагы он миңдеген имарттар талкаланды.