Пакистан Ооганстандын Кабул шаарына ракеталык сокку урду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Tolo News басылмасына таянып билдиришти.
Ооганстан бийлигинин өкүлү Забиулла Моджахед сокку реабилитациялык борборго тийгенин айтып, бул окуя жоопсуз калбай турганындыгын белгиледи. Пакистандын аскердик-аба күчтөрү баңгизатка көз карандыларды дарылоочу борборго сокку урган. Анын кесепетинен 250дөн ашуун адам каза болуп, 400дөн ашуун киши жаракат алган. Пакистан бийлиги болсо ооруканага сокку урулганын четке кагып, чабуулдар жарандык объекттерге эмес, аскердик түзүмдөргө гана багытталганын билдирди.