Биз социалдык тармакта

Зеленский Ирандын Украинага берген эскертүүсүнө жооп кайтарды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Тегерандын эскертүүсүнө жооп берди. Бул тууралуу Зеленский i24news телеканалына берген маегинде билдирген.

Анда Зеленский коркутуулар Украинанын позициясына таасир этпей турганын белгилеп өткөн.

"Угуңуздар, бул жаңы нерсе эмес. Акыркы төрт жылда мен ар кандай билдирүүлөрдү уктум. Биз мындай коркутуулардан коркпойбуз. Биз бери дегенде төрт, бирок 12 жылдан бери ушундай коркутуулар менен жашап келебиз. Демек, биз үчүн бул жаңылык эмес",- деген ал.

Буга чейин Ирандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Ибрагим Азизи Украина Израилди дрондор менен колдоп жатат деп айыптап, Киев Ирандын соккулары үчүн мыйзамдуу бутага айланышы мүмкүн экенин айткан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан