Биз социалдык тармакта

Ирандагы кырдаал: Жаракат алган америкалык аскерлердин саны 200гө жетти

АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясы учурунда жарадар болгон америкалык аскер кызматкерлеринин саны 200гө жетти. Бул тууралуу эл аралык басылмалар 17-мартта жазышты.

Маалым болгондой, алардын ичинен 180и кызматка кайтып келишти. Ал эми 10у оор жаракат алган.

АКШнын Борбордук командачылыгынын маалыматы боюнча, жаракат алгандар жети өлкөдө болгон. Алар Кувейтте, Сауд Арабиясында, Бириккен Араб Эмираттарында, Иорданияда, Бахрейнде, Иракта жана Израилде. Азыркы учурда 13 аскер кызматкери курман болгону маалым болду.

Reuters ишенимдүү булактарына таянып, аскердик операция башталгандан бери АКШ Жакынкы Чыгышта 12 MQ-9 Reaper учкучсуз учагын жоготконун жазды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Кундуз
2026-03-17 11:48:00
кузя
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан