АКШнын мурдагы төрт президентинин бири да америкалык лидер Дональд Трампты жана анын Иранга каршы баштаган аскердик операциясын колдогонун билдирген эмес. Бул тууралуу NBC News телеканалы билдирди.
АКШнын 42-президенти Билл Клинтондун жардамчысынын айтымында, Трамп өз сөзүндө так эле Клинтонду айткан эмес. Ал эми Жорж Буштун жардамчысы алардын Трамп менен байланышпаганын билдирген.
Барак Обаманын жардамчысы да акыркы убакта Трамп менен эч кандай сүйлөшүүлөр болбогонун айткан. Телеканалдын маалыматына ылайык, мурдагы президент Жо Байден да Иран маселесин учурдагы мамлекет башчысы менен талкуулаган эмес.
Буга чейин Трамп мурдагы президенттердин бирөөсү Иранга каршы согуштун башталышын колдогонун айткан. "Мен мурдагы президенттердин бири менен сүйлөштүм. Ал муну мен жасасам кана деди. Бирок алар жасаган жок. Муну мен жасап жатам",- деген ал.