Франциянын Реюньон аралында жанар тоо атылып, анын лава агымдары негизги унаа жолдордун бирин жаап калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, видеолорду бөлүшкөн.
Маалыматка ылайык, лаванын агымы океан тарапка багыт алып, жолду кесип өткөндүктөн, аталган аймактагы унаа кыймылы убактылуу токтотулган. Табигый кырсык тартылган видеолор социалдык тармактарда кеңири тарап жатат.
Жанар тоо атылган аймакта эл жашабайт, мындан улам адамдарга коркунуч жаралган эмес. Бирок социалдык тармактардагы видеолордон лаванын агымын көрүү үчүн көптөгөн адамдар барышканын көрүүгө болот.