
Өлкөдө Орозо айт учурунда коомдук тартипти 10 миңден ашуун милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу 17-мартта ИИМ маалымдады.
Айта кетсек, 20-мартка белгиленген Айт намазы
мечиттердин аймагында гана өткөрүлөт.
Милиция жарандарды коомдук тартипти сактоого, бири-бирине урмат-сый менен мамиле кылууга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга чакырат.