Ош шаарындагы объекттер боюнча 2 этап менен иш жүргүзүлөт. Бул тууралуу курулуш министри Нурдан Орунтаев калаадагы ишкерлер менен болгон жолугушууда билдирди.
"Биринчиден, курулушу аягына чыга элек бардык объекттер Курулуш министрлигинин карамагына өтөт. Анан министрлик тарабынан бардык иштер аягына чыгарылып, тийиштүү документтердин баары чогултулат. Экинчиден, курулушу бүткөн объекттер боюнча атайын комиссия түзүлөт. Комиссия текшерип, документтери туураланган соң, анан биз акча каражаттарын кайтарып беребиз",- деди ал.
Министр Ошто курулуп жаткан объекттердин биринин да тийиштүү документтери жок экенин айтты.