Биз социалдык тармакта

Ошто курулуп жаткан объекттердин биринин дагы тийиштүү документтери жок

Ош шаарында курулуп жаткан объекттердин биринин дагы тийиштүү документтери жок. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта курулуш министри Нурдан Орунтаев калаадагы ишкерлер менен болгон жолугушуда билдирди.

Ал курулуш иштери сөз менен эле башталып, аягына чыкпай келе жатканын белгиледи. Орунтаев 10го жакын объекттин курулуш аяктаганы менен компания ээлери акчаларын ала алышпай келгенин кошумчалады.

"Бул - объекттердин долбоордук-сметалык документтеринин жоктугу. Ошол себептен мэрия тараптан акча каражатын берүүгө мыйзам жол бербестиги жаралууда. Кандай курулуш болбосун бардыгы мыйзам менен болушу керек болчу",- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан