Биз социалдык тармакта

Москвада өспүрүмдүн мурдуна өскөн тишти дарыгерлер ийгиликтүү алып салышты

Орусиянын Москва шаарында дарыгерлер 15 жаштагы өспүрүмдүн мурдуна өскөн тишти ийгиликтүү алып салышты. Бул тууралуу орус басылмалары билдирди.

Өспүрүм ооруканага жүзүнүн асимметриясы жана мурдунан дем алуу кыйын болуп жаткандыгына байланыштуу кайрылган. Текшерүүдөн соң гаймор көңдөйүндө тиш бар экени аныкталган.

Дарыгерлер өспүрүмгө Колдуэлл-Люк операциясын жасашкан. Операцияда жаңы өсүмтө табышып, анын ичиндеги тишти алып салышкан. Изилдөөнүн жыйынтыгында бул жаңы өсүмтө тератома болуп чыккан. Тератома – эмбриондук клеткалардан түзүлгөн өсүш, мында чач, тырмак, булчуң талчалары, сөөктөр же тиштер болушу мүмкүн.

Операция ийгиликтүү аяктаган. Азыр өспүрүмдүн абалы жакшы, мурду толук дем алат жана жүзүнүн асимметриясы жоголгону жазылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан