"Кыргызнефтегаз" ишканасынын мыйзамсыз адалданган кирешелери тууралуу иликтөө чыккандан кийин ИИМ кылмыш ишин козгогонун "Кактус" сайты өздүк булактарына таянып жазып чыкты.
Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши ачылганы белгиленет. Аталган иш боюнча 2 адам суракка чакыртылганы, алар сурактан кийин камакка алынышы мүмкүн экени да кошумчаланды.
ИИМ азырынча расмий маалымат бере элек.
Айта кетсек, Салык кызматы Ташиев жана анын жакындарынын мамлекеттик ишкананын кирешелерине ээлик кылып келишкени тууралуу коррупциялык схемаларды ачыктаган иликтөө чыгарган. Анда Таймурас Ташиевдин аты да аталат.