Жаз - бул жаратылыштын гана эмес, адамдардын да жаңылануу мезгили десек болот. Кыштын күңүрт түстөрүн артка калтырып, мода дүйнөсү жарык, жандуу түстөргө басым жасай баштайт. Күндүн жылуу илеби менен бирге гардеробду жаңылоо башкы планга чыгат эмеспи, андыктан бул мезгилге жаңы кийим сатып алууну пландап жатсаңыз, адистердин кеңешин эске алып коюу ашыктык кылбайт.
Түс боюнча дүйнөлүк белгилүү "Pantone" компаниясы 25 жылдан бери дизайн, мода жана сулуулук тенденцияларынын өңүн аныктоо үчүн жылдын түсүн тандап келет. Ал эми бул жылдын жаз айларына табигыйлык менен өзүнө ишеним берүүчү түстөр тандалган.
2026-жылдын жазындагы эң маанилүү өзгөчөлүк карама-каршы түстөрдү айкалыштыруу. Мисалы, ачык көк менен сары, кызыл менен кызгылт же жашыл менен лимон түстөрүн бирге колдонуу модага айланды. Адистер 2026-жылдын модасы ар бир адамга өзүн эркин жана ишенимдүү көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгилешет.

Ачык түстөр
Бул сезондо эң көп көзгө уруна турган түстөр ачык түстөр. Айрыкча көк, жашыл, ачык кызыл жана сары өңдөр подиумдарда жана күнүмдүк стилде кеңири колдонулууда. Мындай түстөр адамдын маанайын көтөрүп, энергия тартуулай турганы талашсыз. Дизайнерлер бул жылы “көрүнүп туруудан коркпо” деген принципти сунуштап жатышат.

Жашыл түс
Жашыл түстүн ар кандай түрлөрү: изумруд, хаки, зайтун – бул жылдагы жаздын негизги тренддеринин бири. Бул табиятка болгон жакындыкты жана экологиялык аң-сезимдин өсүшүн чагылдырат. Жашыл түстү кийимде гана эмес, аксессуарларда жана макияжда да активдүү колдонсоңуз болот.

Жумшак түстөр
Жандуу түстөр менен катар эле жумшак, назик түстөр да популярдуулугун жоготкон жок. Ак, көгүш, ачык күрөң түсү жазгы жеңилдикти, тазалыкты жана назиктикти чагылдырат. Мындай түстөр көбүнчө классикалык жана романтикалуу образдарды түзүүдө колдонулат.

Кызыл түстүн түрлөрү
Кызыл жана анын түрлөрү дагы бул жазда өзгөчө актуалдуу. Бул түстөр өзүнө ишенген, айырмаланып туруудан тартынбаган адамдар үчүн ылайыктуу. Мындай түстөгү сумка, бут кийим же ар кандай тагынчактар да образга өзгөчөлүк кошот.

Күрөң түс
Күрөң түс акыркы жылдары модада бекем орун алып, 2026-жылы да трендде калууда. Мындай өң акыркы жылдары өзгөчө популярдуу болуп, күнүмдүк жана кече көйнөктөрүндө кеңири колдонулууда. Жаратылышка жакын күрөң, кум өңдөрү минимализмди сүйгөндөр үчүн эң ылайыктуу. Бул түстөр башка ачык өңдөр менен жакшы айкалышып, образды тең салмакта көрсөтүп турары талашсыз.
