Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Ларижани Тегерандагы сокку учурунда каза болгонун билдиргендигин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анын айтымында, ошол эле операцияда “Басиж” күчтөрүнүн башчысы да жок кылынган.
Бирок Иран тарап бул маалыматты ырастай элек. Тескерисинче, Ларижанинин кеңсеси анын атынан кат жарыялап, ал тууралуу маалыматтарга күмөн жаратты.
Азырынча бул окуя боюнча маалыматтар каршылаш тараптардын билдирүүлөрү менен гана чектелүүдө, көз карандысыз ырастоо жок.