Шри-Ланка 18-марттан тартып кыскартылган жумуш жумасын киргизип, шаршемби күндү эс алуу күнү деп жарыялады. Бул тууралуу өлкөнүн негизги кызматтар боюнча башкы комиссары Прабат Чандракирти билдирди.
Анын айтымында, жаңы тартип айрым мамлекеттик мекемелерге, мектептерге жана университеттерге тиешелүү болот. Ошондой эле ал жеке ишканаларды да ушул чечимди колдоого чакырды. Ал эми ооруканалар, порттор жана тез жардам кызматтары мурдагыдай эле үзгүлтүксүз иштей берет.