Биз социалдык тармакта

Эртең магниттик бороон болушу күтүлөт 

Эртең, 19-мартта жер бетин G2-G3 интенсивдүүлүгүндөгү күчтүү магниттик бороон капташы күтүлөт. Бул тууралуу Күн лабораториясына таянуу менен орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, күтүлүп жаткан күн плазмасынын келиши Москва убактысы боюнча таңкы саат 4төн 6га чейин күтүлүүдө. Магниттик бороондун болжолдуу узактыгы 10 саат.

Жердин магнит талаасынын бузулушунун даражасы беш көрсөткүчтөн турган шкала боюнча өлчөнөт, мында G5 өтө күчтүү магниттик бороон деп бааланса, G1 алсыз магниттик бороон деп эсептелет.

Дарыгерлердин айтымында, магниттик бороон биринчи кезекте өнөкөт жүрөк ооруларынан жапа чеккен адамдардын ден соолугуна таасирин тийгизет. Бул күндөрү алсыздык, эс-учун жоготуу, кан басымынын өзгөрүшү, баш айлануу, баш оору сыяктуу оорулар болушу мүмкүн. Мындай учурда дарыгерлер толук 7-8 саат уктоону сунушташат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан