Биз социалдык тармакта

АКШда бензиндин баасы 2,5 жылдагы эң жогорку чекке көтөрүлдү

АКШда бензиндин орточо баасы акыркы 2,5 жылдагы эң жогорку чекке көтөрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Аналитиктердин айтымында, америкалыктар 2023-жылдын октябрынан бери бензин үчүн мынчалык көп төлөшкөн эмес. Иран менен жаңжал чыккандан бери бензиндин баасы кымбаттап, бир айдын ичинде баа 26,9 пайызга көтөрүлгөн.

Мындан тышкары, коммерциялык унаа рыногунда андан да курч кырдаал түзүлүүдө. Согуш учурунда дизелдик отундун баасы 1,24 долларга көтөрүлүп, азыр бир галлон үчүн орточо баа 4,99 долларды түздү.

Эксперттер Ормуз кысыгынын жабылышы мунайдын гана жетишсиздигине алып келбей турганын эскертишти. Бул кысык аркылуу дүйнө жүзү боюнча дыйкандарга керек болгон жер семирткичтердин чоң көлөмү ташылат. Буга байланыштуу кысыктын жабылышы айыл чарбага дагы таасирин берет.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан