Ирандын Тышкы иштер министрлиги Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңештин катчысы Али Лариджанинин өлтүрүлүшүн теракт деп атады.
Буга байланыштуу Тегеран БУУнун Коопсуздук кеңешин жана башка эл аралык уюмдарды адам өлтүрүүгө тиешеси бар адамдарды жоопко тартууга чакырды.
17-мартта Израил тарап Тегерандагы Израилдин чабуулунан Лариджани, ошондой эле "Басиж" күчтөрүнүн командири Гуламреза Солеймани каза болгонун кабарлаган. Буга удаа Иран бийлиги алардын өлүмүн расмий түрдө тастыктаган.
"Мындай террордук чабуулдар Иран улутунун коопсуздукту сактоо жана улуттук кызыкчылыктарды коргоо боюнча эркине шек келтирбестен, элдин мекенди коргоого болгон чечкиндүүлүгүн эки эсеге арттырат",- деп айтылат маалыматта.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы операциясы үчүнчү жума уланууда. АКШ Иранды аскердик мүмкүнчүлүктөрүн жок кылуу менен коркутуп, жарандарды бийликти кулатууга чакырды. Ал эми Иран өзүн коргоого даяр экенин билдирип, азырынча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоонун маанисин көрбөй жатканын белгиледи.