Израилдин чалгын кызматы Ирандын айрым аскердик командирлерине телефон аркылуу байланышып, аларга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө коркутууларды айтып жатканын чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындай билдирүүлөрдү Wall Street Journal басылмасы булактарына таянып жарыялаган. Анда Израил тарап ирандык командирлерди өлкөдөгү бийлик алмашуу процессине тоскоол болбоого чакырып жатканы айтылат.
Азырынча бул маалымат расмий деңгээлде тастыктала элек. Бирок мындай кабарлар аймактагы чыңалуунун күчөп жатканынан кабар берет.