Биз социалдык тармакта

Кытай филиппиндик учактарды талаштуу аймактан чыгарып салды

Кытайдын куралдуу күчтөрү Скарборо рифи аймагында учуп жүргөн Филиппиндердин эки учагын аба мейкиндигинен чыгарып салганын билдирди. Бул тууралуу Кытайдын түштүк аймактагы аскердик командачылыгы маалымдаганын дүйнөлүк басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, 18-март күнү Филиппиндердин C-208 үлгүсүндөгү эки учагы Кытай өкмөтүнүн уруксатысыз аталган аймакка кирген.

Кытай тарап билдиргендей, Кытайдын Элдик-азаттык армиясы эскертүү берип, андан соң учактарды мыйзамга ылайык аймактан чыгарып кеткен.

Белгилей кетсек, Түштүк-Кытай деңизиндеги бул риф Кытай менен Филиппиндердин ортосунда талаштуу болуп саналат. Эки өлкө тең аны өз аймагы деп эсептейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан