Иран араб өлкөлөрүндөгү энергетика секторундагы объектилерге пландаштырылган соккулар тууралуу эскертүү чыгарды. Бул тууралуу Тегеран мамлекеттик телерадиокомпаниясына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
“Сауд Арабиясы, БАЭ жана Катардагы мунай объектилеринин аймагынан чыгыңыздар”, - деп жазылган билдирүүдө.
Жарыяланган маалыматка караганда, соккулардын максатында төмөнкү объектилер көрсөтүлгөн:
• Сауд Арабиясы: Samref кайра иштетүүчү завод, Аль-Жубейль нефтехимиялык комплекси.
• БАЭ: Аль-Хосн газ кени.
• Катар: Mesaieed Holding (Chevron менен байланыштуу) нефтехимиялык комплекси, Рас-Лаффан кайра иштетүүчү завод.